Сирияда киши колдуу болгон оппозиционердин тажиясында аскерлер 2 адамды өлтүрүштү

Активисттердин айтымында, бүгүн күрд оппозиционери Машаал Таммонун Намишли шаарындагы тажиясына 10 миңдеген эл чогулган эле. Алар президент Башар ал-Ассадды бийликтен кулатууга чакырыктарды айтып жатышты. Тополоңдо коопсуздук күчтөрү кеминде эки адамды атып өлтүрүшкөнү кабарланууда.

Ал арада Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон Таммонун өлтүрүлүшүн “кескин айыптай” турганын айтты. Күрддөр 20 миллиондуу Сирия калкынын 10% түзөт. Алар Ассаддын өкмөтүн кулатууну колдошот.