ЕККУнун бюро миссиясы Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө баа берди

Кыргызстандагы президенттик шайлоо "талапкерлердин көптүгүнө жана көк кашка фаворит жок болгонго байланыштуу өтө курч атаандаштыкта өтүп, экинчи айлампанын болушу толук мүмкүн". Мындай бааны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу 6-октябрда жарыялаган билдирүүсүндө берди.

Бюронун миссиясы Кыргызстанда абал тынч экенин белгилеп, маанилүү жараян шайлоого тиешеси жок анча чоң эмес демонстрациялар жана нааразылык акциялары менен коштолуп жатат деп тыянак жасайт. ЕККУнун береги институту саясий өнөктүктүн жүрүшүнө маал-маал өз баасын берип турмакчы.

Жалпы элдик шайлоо 30-октябрда болот. БШК ырасмий түрдө 23 талапкерди каттаган.