ЕККУнун полиция кеңешчилери ишин улантат

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция кеңешчилери Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн уланта берет. Бул тууралуу ЕККУ баш катчысы Ламберто Заньер Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Кыргызстанда жыл башынан бери 23 полиция кеңешчиси Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында иш жүргүзүп келишет. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул адистер милициянын ишин жакшыртуу боюнча гана кеп-кеңештерин берип, кеңешчилик гана кызматты аткараарын билдирген. ЕККУнун полиция кеңешчилеринин келгенине буга чейин парламенттин айрым депутаттары каршы болушкан. (KKs)