Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын кечээки жыйынында Мыктыбек Абдылдаев фракция жетекчиси болуп шайланды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейинки фракция лидери Садыр Жапаров өзү жетектеген Сот-укук маселелер боюнча комитетинин ишине фракция иштери кошулганда оордук жаралып жатканын белгилеп Абдылдаевдин фракция жетекчилигине сунуштады. “Ата Журтту” жетектеп келген Камчыбек Ташиев президенттикке аттанганда кызматын өткөрүп берген. (KKs)