Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүнтөн тарта мобилдүү топтор үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын тизмесин тактай баштайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бул топтор 1-октябрдан 5-октябрга чейин атайын окуудан өтүштү. Эми үймө-үй кыдырууга кеминде 6 миңге жакын адамдар катышат. Алар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан каржыланат. (KKs)