Сомалинин борборундагы жарылууда 70 адам өлдү

Сомалидеги расмий бийликтердин айтымында, бүгүн Могадишодо Билим берүү министрлигине кире бериштеги текшерүү пунктунда болгон жарылууда дагы ондогон адамдар жаракат алган. Бүгүнкү жардырууну “Ал-Шабаб” деген исламчыл козголоңчулардын тобу жасаганын анын өкүлү билдирди. Бул топ “Ал-Каида” менен байланышта экени, Сомалинин борбордук жана түштүк бөлүгүн көзөмөлдөп турганы белгилүү.