Ооганстандын президенти Хамид Карзай Индияга келди

Ооган президенти Хамид Карзай (оңдо) менен Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх

Президент Карзайдын бул сапары Индиянын узактан берки атаандашы Пакистан менен расмий Кабулдун алакасында араздашуу күчөп турган учурга туш келип турат. Карзай Индияда премьер-министр Манмохан Сингх менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени жакшыртуу максатында айрым келишимдерге кол коймокчу. Ооганстан менен Индия Пакистанды “экстремисттерди колдоп жатат” деген таризде айыптап келишкен.