Физика боюнча Нобел сыйлыгы Ааламдын кеңейип баратканын ачкан үч окумуштууга ыйгарылат

Физика боюнча сыйлыктын жеңүүчүлөрү

Бул жөнүндө бүгүн Стокгольмдо Швециянын падышалык илимдер академиясынын Нобел комитетинен билдиришти. Быйылкы жеңүүчүлөр: америкалык Сол Перлмуттер, Адам Райсс жана австралиялык Брайан Шмидт – аалам барган сайын кеңейип баратканын ачышкан. Буга чейин ааламдын кеңейиши басаңдаганы айтылып жүргөн эле.

Нобел комитетинин физика боюнча тобунун башчысы Борхе Йоханссон: "Аалам кеңейип баратканы, негизи, өткөн кылымдын 20-жылдарында эле ачылган. Кеңейүүнүн тездиги энергияга байланыштуу болот. Материядан гана турган аалам гравитациянын күчү менен кеңейишин басаңдатышы керек эле, - деди. - Ошондуктан баары эле аалмдын кеңейиши басаңдаган деп келген. Бирок азыркы лауреаттар жер шары, тетирисинче, тездик менен кеңейип баратканын далилдей алышты. Бул - илимий коомчулук үчүн күтүлбөгөн жаңылык".

Нобел сыйылыгынын ар бир номинация боюнча бюджети 1 млн.еврону түзөт. Сыйлыктар 10-декабрда Стокгольмдо тапшырылмакчы.