Еврозона министрлери Грецияга жардам боюнча чечимин кийинкиге калтырышты

Жан-Клод Юнкер Люксембургдагы жыйында, 3-октябрь, 2011

Еврогруптун төрагасы Жан-Клод Юнкер Грецияга 8 млрд.евро жардам берүү боюнча маселе Еврокомиссиянын экономикалык абал тууралуу жаңы докладынан кийин гана кабыл алынат деди. Доклад октябрдын этегинде жарыяланат. Еврогруппанын кийинки жыйыны 13-октябрда өтмөкчү.

Буга чейин грек өкмөтү бюджеттеги чыгымдарды кескин кыскарткан күндө да Евробиримдик менен Эл аралык Валюта кору бюджеттеги дефицитти кыскартуу үчүн койгон чекке жете албастыгын билдирген. Анткен менен Люксембургдагы жыйынга келген министрлер “Греция дефолт жарыялашы мүмкүн эмес, еврозонадан да чыкпайт” деп белгилешти.