Батыров боюнча сотко тараптар келбей коюшту

Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыровго байланыштуу соттун бүгүнкү отуруму болбой калды. Себеби сот жараянынын катышуучулары келбей коюшту. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Буга чейинки отурумда соттолуучулардын адвокаттары менен жабырлануучулардын ортосунда чыгып кеткен жаңжалдан улам бүгүнкү отурумга карата коопсуздук чаралары күчөтүлгөн болчу. Кийинки отурум 11-октябрда болот. Прокурордун сунушу боюнча эмки жолу бардык тараптарды сотко милдеттүү түрдө алып келүү чечими кабыл алынды.

Батыровго карата козголгон кылмыш иши сотко апрель айында эле өткөрүлгөн болчу. Бирок тараптар келбей жаткандыктан соттук териштирүү жакында гана башталды. Кадыржан Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июнь окуяларын уюштуруучулар катары соттолуп жатышат. Тергөөчүлөр алардын күнөөсү далилденген дешет. Бирок соттолуучулар өзүлөрүн күнөөлүү эмеспиз дешет. Алар баары тең эл аралык издөөдө жүрүшөт.

2010-жылдын июнунуда Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжалдан 400дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында балдар да бар болчу. (RK)