Шайлоо 2011: БШК алдында митинг өтүп жатат

БШК талапкер кылып каттабай жаткандардын тарапкерлери ушул тапта Боршайкомдун имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Митингге чогулгандардын саны 100 чакты адам экенин "ЭрК" партиясынын жетекчилиги "Азаттыкка" кабарлады. БШК өкүлдөрү азырынча митингчилердин алдына чыга элек.

Учурда 100 миң сомдук күрөөсүн коюп, тил комиссиясынан өткөн 8 адам тиешелүү сандагы анык кол топтоосу боюнча маселенин айынан талапкер болуп каттала албай жатышат. "ЭрК" партиясы Турсунбай Бакир уулунун таламын талашууда. Бирок митингде жалпы 8 адамдын - Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков, Нариман Түлеев, Турсунбай Бакир уулу, Төрөбай Колубаев, Сооронбай Дыйканов жана Акбараалы Айтикеевдин катталбай жатышына нааразылык айтылууда. (RK)