Нобел сыйлыгын алган окумуштуу Ральф Штайнман көз жумду

Ральф Штайнман

Бул тууралуу Нобел комитети бүгүн жарыялады. Канадалык Ральф Штайнман дагы эки башка окумуштуу менен бирге Нобелдин медицина боюнча сыйлыгын (иммунология жаатындагы жетишкендиги үчүн) утуп алганы бүгүн жарыяланган болчу. Бирок комитеттен билдиришкендей, ал быйыл 30-сентябрда көз жумган экен. Ал тууралуу окумуштуунун университетинен бүгүн кабарлашкан.