Еврозонанын финансы министрлери Грецияга жардамды талкуулашат

Бүгүн Люксембургда 17 өлкөнүн министрлери чогулуп, Грецияга оор экономикалык абалдан чыгыш үчүн көрсөтүлчү финансылык колдоонун экинчи пакетин карашмакчы. Буга чейин Грециянын өкмөтү 2011-2012-жылдардагы бюджеттин чыгашасы кыскартылаарын, бирок бюджеттеги дефицит боюнча Еврокомиссия менен Эл аралык Валюта кору көрсөткөн чекке жетүүгө баары бир мүмкүн болбой турганын айткан эле.

Эл аралык донорлор айткан ошол чекке жетүү Грецияга келерки жардамды көрсөтүүнүн негизги талабы катары аталып келген.

Ал арада дүйнөдөгү базарда Греция карыздар боюнча милдеттенмелерин аткара албай, дефолт жарыялаганга мажбур болушу мүмкүн деген кооптонуу күчөдү. Бүгүн таң эртелеп Азиядагы жана Европадагы финансы базарларда акциялардын баасы арзандап кетти.