Бишкекте камералык концерт өтөт

Бишкекте Кыргызстан, Казакстан жана Швейцариянын музыканттарынын биргелешкен камералык концерти өтөт. Концертте классикалык музыка жана фольклор чыгармалары ойнолот. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташтык боюнча бюросунан маалымдашты. 7-октябрда өтө турган концерт Эл аралык музыка күнүнө арналат. (RK)