Сирия армиясы оппозиция ордосу Растанды кайра алды

Сириялык аскерлер оппозициянын ордосу саналган Растан шаарын ээлешкенин Сириянын ырасмий булактары кабарлашты. Армия качкын аскерлер менен козголоңчулардан калаанын ортосун 27-сентябрда бошоткон болчу. Жарым жыл илгери президент Башар Ассаддын билигине каршы чыгуулар башталгандан бери Растан шаарында ири демонстрациялар тынбай өтүп жаткан. Адам укугун коргоочулардын сөзүнчө, армиянын анти-өкмөттүк чыгууларды басуу учурунда 2 миңдей адам набыт болгон.