Ооганстандык тогуз аскер бомбага кабылып набыт кетти

Ооган бийликтеринин маалымдашынча, 1-октябрда бешимден кийин өлкө түштүгүндө жолго коюлган бомбадан тогуз аскер курман болду. Пактия провинциясынын губернаторунун өкүлү Рухулла Самундун маалымдашынча, бомбадан дагы төрт жоокер жараат алган.