АКШ 10 млн.долларлык медициналык гумжардам көрсөтөт

3-октябрда Кыргызстанга АКШ Мамлекеттик департаментинин “Үмүт операциясы” программасынын алкагында 10 млн. доллар өлчөмүндөгү медициналык гуманитардык жардам берилет. Колдоо Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын медициналык мекемелерине Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган планга ылайык бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилигинен билдиришти.

Акысыз берилип жаткан дары-дармектердин жардамы менен 30 миңден ашуун оорулуулар сапаттуу акысыз медициналык жардам ала алат. Жардам жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган 16 миңден ашык жана 7 миңге жакын көз оорулууга багытталган. Ошондой эле бул иш-чара алкагында 6 жана андан жогору жаштагы 100 миң бала алдын ала эмдөө календарына ылайык эмделет. (ЕК)