БШК талапкерлерди каттоону улантат

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган токтомго ылайык, БШК президенттикке талапкерлерди каттоо процессин улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.

Анын айтымында, кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылган тогуз адам: Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үмөталиева, Нариман Түлеев, Салморбек Дыйканов, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Төрөбай Колубаев, Акбараалы Айтикеев, Уланбек Сооданбековдун талапкерлиги кайрадан каралат. Алардын ичинен кыргыз тил сынагынан өткөн үч талапкер: Бакир уулу, Колубаев жана Дыйканов катталат. Калгандар ушул жекшемби күнү кыргыз тили боюнча экзамен тапшырат.

Бул чечимдер БШКнын кийинки отурумдарында каралып, бекитилгенден кийин күчүнө кирет.

25-сентябрга чейин Боршайком 20 талапкерди каттоодон өткөрүп, учурда алар үгүт жүргүзүп жатышат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs/RK)