Бахрейнде башаламандыкка байланыштуу жаңы өкүм чыкты

Бүгүн Бахрейнде жыл башындагы массалык нааразылык акциясы боюнча соттун жаңы өкүмү чыкты. Акциянын катышуучуларынын бири полиция кызматкеринин өлүмүнө күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылды. Андан тышкары медицина тармагынын 20 кызматкерине "бийликти кулатууга жана диний ажырымга чагымчылдык кылган" деп 15 жылга чейин ар кандай убакытка эркинен ажыратуу чечими чыкты.

Укук коргоочулар дарыгерлер болгону өз милдетин аткарып, жараат алган демонстранттарга жардам берген деп ырасташууда.

Бахрейинде суниттердин династиясынын королдук башкаруусу өкүм сүрөт. Февраль жана март айларында акция катышуучулары шииттердин укугун кеңейтүүнү талап кылышкан. Өлкөдө шииттер басымдуулук кылат.