БШК катталбай калгандардын топтогон колдорун кайра текшере баштайт

Боршайком президенттикке талапкер болуп катталбай калган 8 адамдын топтогон колдорун кайрадан бирден текшере баштайт. Алардын бешөөсү боюнча бүгүн Жогорку Сот БШКнын чыгарган чечимин туура эмес деген бүтүм чыгарган. Калган үчөөнүкү да Жогорку Сотто каралмак, бирок БШК алар боюнча көзөмөл арызын кайра алды. Ушу тапта өтүп жаткан жыйында Жогорку Соттон уткан бешөө кайра саноого каршы экенин айтышууда. Алардын айтымында, дароо эле тил сынагы уюштурулушу керек.

30 миңден кем эмес анык кол топтоо Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн негизги шарттардын бири болуп саналат. Тиешелүү кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өтө алгандар гана талапкер болуп катталат. Андайлардын саны 20. Ал эми жогоруда аталган 8 адамдын топтоп келген колдорун текшергенде БШК анык колдордун саны 30 миңге жетпей калды деген. Ошол себептен соттук териштирүүлөр башталган. Шайлоо 30-октябрда болот. (KKs/RK)