Азербайжанда газ куурунда жарылуу болду

"Агадаш - Мингячевир" газ куурунда өткөн түнү болгон жарылууда бир нече үй жабыркап, адам баласы зыянга учурабаганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирет.

Өрттүн чыгышына Мингячевир шаарындагы бөлүштүргүч станцияда абага чыккан газ себеп болгон.