Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

1-9-октябрда кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан маалымдашкандай, чек ара кытай тараптын демилгеси боюнча Кытай Эл Республикасынын 62 жылдыгын майрамдоо иш-чараларына байланыштуу жабылат. (RK)