Дүйнө биржаларында баалуу кагаздардын баасы көтөрүлдү

Европанын бийликтери карыз кризисин жөндөө боюнча ири чечимдерди караштырып жатат деген маалыматтардан улам биржалык индекстер Жапония, Франция, Германия, Британия, АКШда өстү. Ошондой эле евронун долларга карата курсу чыңдалып, мунай баасы жогорулады.

Европанын эң ири экономикасы – Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кечээги билдирүүсүнө караганда, Берлин карызга баткан Греция инвесторлордун ишенимине арзышы үчүн колдон келген жардамын көрсөтөт. Инвесторлор дефолт болот деп чочулаган Грециянын өкмөтү да Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун кийинки насыясын алуу үчүн үнөмдөө чараларын жүзөгө ашыра аларына кечээ кайрадан ишендирди.