Украинада прокурор Тимошенкону 7 жылга кесүүнү суранды

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун үстүнөн сот эки апталык тыныгуудан кийин кечээ кайра жанданды. Ал "2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган", "өлкө үчүн зыяндуу келишим түзгөн" деп айыпталууда.

Азыркы президент Виктор Януковичке оппозицияда турган Юлия Тимошенконун өзү бул сот жараянды саясий куугунтук катары баалаган. Европа биримдиги жана АКШ украин бийликтерине саясий куугунтукка барбоону эскертишкен.

Украинанын азыркы премьер-министри Николай Азаров Орусияны 2009-жылкы газ келишимин кайра кароого ынандыруу аракетин көрүүдө.