Тогуз коргоолчулар Швейцариядан байгелүү кайтышты

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Швейцарияда өткөн эл аралык мелдештен байгелүү кайтты. Бишкек мэриясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кыргызстандыктар экинчи орунга, казактар 1-орунга жана Испаниянын командасы үчүнчү орунга ээ болушту. Мелдешке беш өлкө катышкан болчу. (RK)