Элдик кошуундарга курал берүү сунушталууда

Элдик кошуундар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын жолдорун мыйзамдаштыруу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев бул боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкканын парламенттин бүгүнкү жыйынында маалымдады. Керектүү учурларда элдик кошуундарга атайын каражаттар жана курал берилиши каралууда. "Тартип коргоо органдары менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салууга кезек келип жетти", - деп эсептейт депутат.

2005-жылдын март айындагы жана 2010-жылдын апрель окуясы учурунда жер-жерлерде, айрыкча Бишкекте коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн элдик кошуундар түзүлгөн. Учурунда депутат Тербишалиев апрель окуясынан кийинки күндөрү өзү да "Патриот" деген кошуунду түзгөн. Кийин социал-демократтар партиясы аркылуу парламентке келген. Ал сунуштап жаткан мыйзам долбоору учурда жазылып жатат. Ага ЕККУ жардам көрсөтүүдө. (RK)