Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, шайлоочулардын тизмеси www.shailoo.gov.kg интернет дарегине жарыяланды. Ага ылайык, ар бир жаран өзүн ушул тизмеден алдын ала таап, аныктап алса болот. Анда шайлоочунун аты-жөнү толук жазылып, ал эми кайсыл жерде жашаганы, курагы туурасында маалымат киргизилген эмес. Тизме аймактык шайлоо комиссиялардан келген маалыматтарга карап жаңыланып турат.
Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына белгиленген. Президенттик орунга 20 талапкер ат салышууда. (КЕ)
Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына белгиленген. Президенттик орунга 20 талапкер ат салышууда. (КЕ)