Нобель сыйылыгын алган африкалык биринчи аял көз жумду

Нобель сыйылыгынын лауреаты, кениялык Вангари Маатаи айым 72 жашында о дүйнө салды. Маркум соңку кезде рактан дарыланып жаткан. Вангари айымга Нобель сыйлыгы 2004-жылы табиятты сактоого, аялдардын укуктары жана өкмөттөгү ачык-айкындык үчүн күрөшкө кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Ал береги абройлуу эл аралык сыйлыкка татыган африкалык биринчи аял. Вангари Маатаи 1997-жылы түптөгөн “Жашыл алкак” кыймылы Африкада 20 миллиондон ашык көчөт отургузган. Чыгаан аял 2002-жылы Кения парламентине депутат болуп шайланып, кыска убакыт министрдин орун басары да болгон.