Жапония Талас ооруканасына жардам берди

Жапония өкмөтү Талас райондук ооруканасына заманбап жабдуу тартуулады. Анын жалпы баасы 47 миң доллар. Феталдык монитор, кольпоскоп, муздаткыч жана башка жабдуу сыркоолорду дарылоонун сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Жапониянын саламаттыкты сактоо багытында гранттык жардам көрсөтүү программасы Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келет. Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, бүгүнкү күнгө карата аталган программа жалпы баасы 3,5 миллион долларлык 74 долбоорду каржылады. (RK)