Жалал-Абадда жер титиреди

26-сентябрда түнкү саат 01:18де Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, силкинүүнүн очогу Жалал-Абад облусунун Үч-Коргон айылынан түштүктү көздөй 10 чакырым, Таш-Көмүр шаарынан түштүк-батышты көздөй 35 чакырым жана Ош шаарынан 80 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кочкор-Ата, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Майлуу-Сууда 2-4 баллга чейин жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жапа чегүүлөр жок. (RK)