Сот алты талапкердин арызын канааттандырды

24-сентябрда Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкерлер: Акбаралы Айтикеев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Уланбек Сооданбеков, Токтайым Үмөталиева жана Нариман Түлеевдин арызын канааттандырды. Бул талапкерлер БШК аларды маарадан мыйзамсыз четтетти деген доо арыз менен кайрылышкан.

Боршайком бул талапкерлердин кол топтоо тууралуу документтеринде калпыстыктар бар деген жүйөө менен 20-сентябрда жарыштан алган. Сот БШКга талапкерлердин пайдасы үчүн топтолгон кол тизмелерди дагы бир жолу текшерип чыгууга буйруду.

Өз кезегинде БШК өкүлдөрү бул чечимге каршы арыз менен кайрылганы турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан Бактыбек Рысалиев билдирди. (ЕК)