Футбол: Жогорку лига беттешүүлөрү өтөт

Бүгүн 25-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасыны беттешүүлөрү өтөт. Бишкектин “Алга” командасы менен Канттын “Абдыш-Ата” клубунун футболчулары күч сынашат. Оюн кечки саат беште башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Жогорку лигада 5 команда мөрөй талашууда. (ЕК)