Кабулда Бурхануддин Раббанинин тажыясы болду

Кабулдагы президенттик сарайда Ооганстандын мурдагы президенти Раббанини акыркы сапарга узатууга миңдеген киши чогулду. Ооган баш калаасынын өкмөттүк бөлүгү толугу менен курчоого алынып, унаа токтотулду. Зыйнатка келген президент Хамид Карзай "биздин урматтуу шейит кеткен Раббанинин бейкуттукка жетүү тилегин улантабыз. Биз бул жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, душмандарыбыз менен тынчтык мунасага келебиз”, - деди.

20-сентябрда жанкечтинин бомбасынан өз үйүндө набыт болгон Бурхануддин Раббани Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңешин жетектеген. Кеңеш козголоңчул талиптер менен тынчтык мунасага келүү жолун сүйлөшүү милдетин аткарып келген.