Евробиримдик Сирияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады

Сирия бийлигин тынч демонстранттарга куугунтукту токтотууга мажбурлоо үчүн Еврокеңеш жаңы санкцияларды жарыялады. Анда Сириянын мунай тармагына инвестиция салбоо, бул өлкөнүн борбордук банкына баалуу кагаздарды жеткирбөө менен сириялык чиновниктердин саякаттоосуна чектөө киргизилет.

Жарым жылдан ашуун убактан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында өкмөттүк армия күч колдонуп келет. БУУнун маалыматына ылайык, 2600дөн ашуун киши набыт болду.