Эгемендүүлүккө арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына жана быйылкы Курманжан Датка жылына арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Ал "Эгемендүүлүктүн түстөрү: Коом. Мезгил. Замандаштар" деп аталат. Республиканын бардык аймактарынан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Көркөм стили жана багыты жагынан ар түрдүү сүрөттөр бар. Эң мыкты сүрөттөрдүн авторлоруна бүгүн кечинде сыйлыктар тапшырылат. (RK)