Кант диабетине чалдыккандар 72 пайызга өстү

Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков Нью-Йоркто БУУнун жыйынында жасаган баяндамасында 2000-жылдан бери Кыргызстанда кант диабети менен ооругандар 72 пайызга көбөйдү деп билдирди. Өлкөдө негизинен жугуштуу эмес илдеттен көз жумгандар жана ден соолугунан ажырагандар басымдуулук кылаарын белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Жумабеков бул жыйындын алкагында БУУнун жетекчилери менен жолугушуп, медицина тармагындагы маселелер боюнча талкууга катышат. (EBM)