Франция келерки айда Ооганстандан 200 аскерин алып кетет

2014-жылга чейин бардык аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөгөн Франция октябрдын этегине карата дагы 200 аскерин алып кетерин бышыктады. Ооганстандагы НАТОнун эл аралык коопсуздук жардам күчтөрүнүн курамында 4 миң чакты француз аскери бар. Быйыл Франция Ооганстанда 23 аскеринен айрылды.