Шайлоонун бүгүнкү тил сынагы аяктады

Кыргызстандын президенти болом деп БШКга кайрылгандардын экөө - Турсунбай Бакир уулу жана Салмоорбек Дыйканов бүгүн кыргыз тил боюнча сынактан өтүштү. Жыйынтыгында экөө тең кыргыз тилин билет деген аныктама алышты.

Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкер катары расмий каттоодон өткөндөрдүн саны азырынча экөө. Дагы 23ү кезекте турушат. Алардын документтери текшерилип жатат. (RK)