Түлеевдин тарапкерлери пикетке чыгышты

Президенттикке талапкер болом деп БШКга кайрылган Нариман Түлеевдин тарапкерлери бүгүн нааразылык акциясын уюштурушту. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар БШКнын чечимине макул эмес. БШК 20-сентябрда Түлеев тиешелүү сандагы кол топтой алган жок деген жүйө менен президенттикке ат салышуудан четтеткен. Ошол себептен ал бүгүн тил сынагына катыша алган жок. Шайлоо 30-октябрда болот. (RK)