Парламент 5-каналдын тагдырын чечет

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда 5-канал телекомпаниясы тууралуу мыйзам боюнча президенттин каршы пикири каралат. Июнь айында депутаттар 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу тууралуу токтом кабыл алган, бирок аны президент колдобой койгон. Күзгү сессия башталганда аталган телеканалга аккредитация берилген эмес. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 5-каналды бир жактуу маалымат таратып жатат деп айыптаган болчу. (EBM)