Армения Көз карандысыздык күнүн аскерий парад менен белгиледи

Көз карандысыздыктын жыйырма жылдыгынын урматына кеңири масштабдагы аскерий парад борбор калаа Ереванда өткөрүлдү.

Президент Серж Саркисян салтанатта сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, Армения жыйырма жыл ичи алдыны көздөй чоң секирик жасады, бирок өлкө жасоого үлгүрбөй калган иштер да көп. Саркисян ага катар Армениянын 1990-жылдары Тоолуу Карабах үчүн Азербайжан менен согушта жеңишке жетишүүсүн “биздин соңку тарыхтын эң даңктуу барагы” деп атады.

Көз карандысыздык алгандан бери Армения саясий жана аскерий тополоңдорду, анын ичинде талаштуу шайлоолорду баштан өткөрдү. Отуз миңдей адамдын өмүрүн алган Тоолуу Карабах чатагы азырынча жөнгө салына элек.