БУУ: Кыргызстан улуттук элдешүүгө муктаж

Бириккен Улуттар уюмунун төрагасы Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеваны былтыркы июн коогасы боюнча көз каранды эмес комиссиянын кеп-кеңештерин ишке ашырууга чакырды. БУУнун билдирүүсүндө айтылгандай, Пан Ги Мун президент Отунбаева менен 19-июнда Нью-Йоркто жолугушту. Ал ошондой эле келерки айдагы президенттик шайлоонун ачык жана таза өтүшүн кепилдөө боюнча Отунбаеванын жеке аракеттерине жогору баа берди. Президент Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын баш жыйынына катышуу үчүн барды.