Санжар Бакиев Бишкек СИЗОсуна которулду

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжар Бакиев 17-сентябрда Жалал-Абаддагы түрмөдөн Бишкектеги СИЗОго которулганын "Азаттыкка" анын жакын туугандары кабарлашты. Алар эмне себептен мындай аракет жасалганын түшүнбөй жатканын айтышкан.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун бүгүн КирТАГ маалымат агенттигине билдиргенине караганда, Санжар Бакиевдин өмүрүнө коркунуч пайда болгону тууралуу маалымат тастыкталгандан кийин аны Бишкекке которушкан.

Санжар Бакиев 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон деген айыптар менен эркинен 10 жылга айрылган. (RK)