Йемендин борборунда уруш жүрүүдө

Дарыгерлердин айтымында, бүгүнкү уруштардан кеминде үч адам өлүп, ондон ашуун киши жаракат алды. Санаf шаарында ок атууларга кошумча артиллериянын да үнү угулду. Кабарларга караганда, Йемендин коопсуздук күчтөрү жана элиталык гвардиясы быйыл жыл башында демонстранттарга кошулуп кеткен аскерий бөлүктүн жоокерлери менен кармашууда.

Буга чейин ушул жекшемби жана дүйшөмбү күнкү кагылыштардан 50дөй адамдын өмүрү кыйылган. Йеменде 33 жылдан бери бийликте олтурган президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылгандар менен аны жактагандардын тирешип жатканына сегиз айдын жүзү болуп калды. Салех июндагы кол салууда жаракат алгандан бери Сауд Аравияда, бирок кызматтан чегинүү жөнүндөгү талаптарды четке кагып келүүдө.