Токтогул: Ири өлчөмдө маңзат сатылып жаткан жерден кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди. Анын айтымында, 19-сентябрда түндө Токтогул районундагы Кызыл-Туу айылында ушул эле айылдын 34 жаштагы тургуну алты мүшөк, болжол менен 100 килограммдай марихуананы сатып жаткан жеринен тутулду. Бул факт боюнча тергеп-иликтөө иштери башталды. (EBM)