Муфтият ажылык сапарды уюштурууну талкуулайт

Бүгүн Муфтияттын Ажылык борборунун алдындагы убактылуу штаб жыйынга чогулат. Анда Меккеге сапарды уюштуруп өткөрүү маселелери каралмакчы. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Мамбеталиев штаб тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрүнөн тураарын “Азаттыкка” билдирди.

Быйыл кыргызстандык ажылар үчүн 4,5 миң орун бөлүнгөн. Зыяраттын баасы 2350 долларды түзүүдө. Былтыркы ажылык сапар бир катар чуулгандуу окуялар менен коштолгон болчу. (EBM)