Салык төлөбөгөн унаа ээлерине каршы рейд жүрөт

Бүгүн Бишкекте Салык кызматы Жол коопсуздугу башкы башмармалыгы менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерине карата рейд өткөрөт. Аталган кызматтын “Азаттыкка” билдиришинче, салыкты 1-августка чейин төлөө керек болчу. Убагында акча төкпөгөн айдоочулардан кармалган жеринен салык алынат. (EBM)