Йеменде өкмөтчүл снайперлер 20 кишини атып өлтүргөнү кабарланууда

Йеменде дарыгерлер баш калаа Санаада өкмөттү колдогон көзгө атаарлар колдуу болуп, 20 кишинин окко учкандыгын бышыкташты. Жекшембинин түнүнөн бери өкмөттүк аскерлер жана снайперлер он миңдеген демонстранттарды атканда, бардыгы болуп 50 чакты киши курман болду.

Бул январ айында башталган президент Али Абдулла Салехтин отставкасын талап кылган демонстрациялардагы эң кандуу күндөр болуп калды. Кечээ ошондой эле Саударабстандын падышасы Абдулла президент Салех менен жолугуп, Йемендеги кырдаалдын курчушун талкуулады. Июн айында Санаада жараат алган Салех Саударапстанга дарыланганы кеткен бойдон мекенине кайта элек.