Токиодо миңдеген адамдар АЭСке каршы митингге чыкты

Жапон борборунда миңдеген демонстранттар атомдук электростанциялардан баш тартууну талап кылышты.
Токиодо бүгүн 60 миңдей киши катышкан акцияда өкмөттөн атомдук электростанцияларды пайдалануудан баш тартууну талап кылышты. Иш чара катышуучуларынын көпчүлүгү 11-мартта Фукусимада зилзаладан жапа чеккендер.