Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого кошумча акча бөлүнөт

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун оңдоого кошумча каражат бөлүнөт. Буга 55 миллион долларды насыя түрүндө Азия өнүгүү банкы бөлүп берет. Бул акчага оңдоло турган жолдун узундугу 60 чакырым. Долбоор ишке ашса, Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен соода-сатык мамилеси өркүндөп, аймактагы экономикалык активдүүлүк күчөйт. Насыя 32 жылга 1-1,5 үстөк пайыз менен берилет. Аталган жолдун Кыргызстандагы бөлүгү Кытайдан оор жүк ташыган унаанын айынан керектен чыгып келатканы айтылууда. (RK)